Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Нарында 1-класстын окуучулары акысыз беткап менен камсыздалат

25.08.2020 13:12
866
Нарында 1-класстын окуучулары акысыз беткап менен камсыздалат


Нарын облусунда жаңы окуу жылында 6000 окуучу биринчи класска барат. Балдар бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен кадимки режимде мектепте окушат.


Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 1-класстын окуучуларын ыңгайлуу беткап менен камсыздоо максатында "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп берилип, Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейинин базасында жеке ишкер тарабынан беткаптар тигиле баштады. Тигилген 6000 даана беткап окуучуларга акысыз таратылып берилет.


Бул ишке 25 тигүүчү тартылып, өндүрүлгөн продукция атайын келишимдин негизинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксаты менен дем алдыруучу материалдан көп жолу колдонууга ылайыкталып тигилүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн