Бир сутка ичинде Нарын облусунда 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июндагы брифингде айтты.
Маалыматка ылайык, стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылган. Муну менен илдеттен сакайган ак халатчандардын саны 265ке жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 365 учур катталды. Алардын экөө оорудан көз жумду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн