Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Нарында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

30.12.2021 16:40
1263
Нарында 225 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Нарын облусундагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы мектептин курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга тапшырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ыдайык, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы аталган мектептин курулушу 2019-жылы башталган.


Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпустан, ашканадан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1764,2 чарчы метр болгон билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген. Мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын декабрь айында аягына чыгып пайдаланууга тапшырылды.


Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 62 млн 46 миң 257 сомду түзөт. Быйылкы жылы объектти бүткөрүү үчүн 34 млн 563 миң 300 сом бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн