Жумгал районунда 25 жаштагы жаран асынып алды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы жаран өзү жашаган үйдүн сарайында асынып алган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери жарандын денесинен ур-токмоктун белгисин аныктаган эмес.
Ал эми жарандын ата-энеси эч кимге доо жок экенин билдирген.
Аталган иш боюнча тергөө амалдары уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн