Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нарында 6 миң доллар алган жалган жактоочу аял кармалды

15.03.2022 14:57
628
Нарында 6 миң доллар алган жалган жактоочу аял кармалды

Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан И.к.С. аттуу жалган-жактоочу кармалып, Нарын шаардык ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Тергөөнүн жүрүшүндө, И.к.С. өзүн жактоочу катары тааныштырып, Нарын областынын соту тарабынан анын тууганына карата оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убадалап, алдоо жолу менен И.Г.С. аттуу жарандын 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы аныкталган.


Ошондой эле, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, И.к.С. адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясы жок экендиги такталган. 


Учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарга жогоруда аталган жалган-жактоочунун катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн