Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 16:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Нарында 60 жаштагы аялды "КамАЗ" сүзүп, ал каза болду

02.05.2020 15:41
1253
Нарында 60 жаштагы аялды "КамАЗ" сүзүп, ал каза болду


Нарын облусунун Ат-Башы районунда 60 жаштагы аялды "КамАЗ" сүзүп, ал окуя болгон жерде жан берди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-май күнү саат 12:00 чамасында катталып, унааны Чүй облусунун 62 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан. Ал унааны жолдон буруп жатып аялды сүзүп алган.


Учурда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертиза тартылган. Ал эми транспорт айып короосуна токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн