Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 15:58
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Нарында 600 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү (сүрөт)

15.04.2020 14:36
1480
Нарында 600 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү (сүрөт)


Нарын облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен кайрымдуу мекендештердин колдоосунун алкагында  облустун аймагындагы 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр таратылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Нарын казыятынын тизмесинде турган жакыр үй-бүлөлөрдүн ар бирине 2300 сомдон турган 25 килограммдык ун, эт, май, чай жана башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баштыктары таркатылып берилген.


Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Нарын шаарынын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн