21-апрелде Нарын облустук бириктирилген ооруканасында коронавирус инфекциясы менен күрөшкөн 7 медицина кызматкер обцервациядан чыкты. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан сырткары обцервацияда жаткан дарыгерлерге Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова жана “Кызыл ай коому" коомдук бирикмесинин Нарын облусундагы өкүлдөрү барып белектерди беришкен.
Маалыматка таянсак, учурда Нарын шаарында коронавирус илдети менен ооругандардын баары айыгып чыккан жана бүгүнкү күнгө карата жаңы учур катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн