Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нарында 7 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алды

07.05.2020 11:57
1046
Нарында 7 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алды


Нарын облусунда 7 милиция кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу 7-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында милиция кызматкерлери да илдетти жуктургандар менен иштөөдө алдынкы орунда турат, мындан улам ооруну жуктуруп алуу коркунуучу чоң.


“Алар дагы медицина кызматкерлери сыяктуу жумуш учурунда жуктуруп алууда. Ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, тобокелчиликтердин себеби, жумуштагы шарттары аныкталат. Ошого карап дагы башкалар жуктуруп албашы үчүн биз болушунча эртерээк коргонуу эрежелерин бергенге аракет кылабыз”, — деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн