Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нарында 70 орундуу жугуштуу оорулар бейтапканасын курууга киришишти

04.08.2020 09:35
1189
Нарында 70 орундуу жугуштуу оорулар бейтапканасын курууга киришишти


Нарында мамлекет тарабынан жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула башталды, деп билдирди Республикалык штабдын басма сөз кызматы.  

КР президентинин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу оорулар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык ремонттон өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имарат курулганы калды. Имарат куруу үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагынан жер аянты чечилип, курулуштун алгачкы жумуштары башталды.

Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланат. Узундугу 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландалууда.

70 орундуу оорукананын 20сы реанимациялык орунга ылайыкталат. Заманбап үлгүдөгү бокс палаталар салынып, дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда контакт аз боло тургандай ыңгайлуу шарт түзүлмөкчү.

Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жмушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иштеп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн