Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нарында Абылгазиевдин чечимине каршы митинг өтүүдө (видео)

20.05.2020 14:32
1449
Нарында Абылгазиевдин чечимине каршы митинг өтүүдө (видео)

 

Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чыгарган чечимге каршы митингге чыгышууда. Мындай маалыматты Жерге-Тал айылынын тургуну Мундуз Нурланбек уулу кабарлады.

 

Анын айтымында, Жерге-Тал айылына тиешелүү Кумбел жайлоосун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районуна 10 жылга чейин берип салгандыгы чуу жараткан. 


Жерге-Тал айыл аймагындагы эл ошол жайлоо аркылуу жан сактап келишет, жай мезгилинде мал багып жайлоону жайыт катары колдонушат. Учурда айыл тургундары жана аксакалдар Кумбел жайлоосуна кеткен жолду тосуп нааразычылык билдиришүүдө. Өкмөт мүчөлөрү бул нааразычылыкка көңүл бурбаса президент Сооронбай Жээнбековго кайрылабыз дешүүдө. Эгер Кумбел жайлоосун Кочкор районуна берилип кетсе Жерге-Тал айылынын тургундары мал жанын кайда алпарып багаарын билишпей нааразы болушууда”,  - деди айыл тургуну.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн