Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:08
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Нарында COVID-19га каршы күчөтүлгөн тартиптеги иш-чаралар уланып жатат (фото)

19.06.2020 09:54
1342
Нарында COVID-19га каршы күчөтүлгөн тартиптеги иш-чаралар уланып жатат (фото)


Нарын облусунун аймагында COVID-19 илдетинин алдын алуу жана жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын улантып жатышат. Бул тууралуу ОИИБ басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорунун кире бериштеринде санитардык-карантиндик посттордо күн-түн дебей текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.


Аталган посттордо кызмат өтөгөн тартип сакчыларынын негизги милдети - коомдук коопсуздукту сактоо. Кырдаалга байланыштуу кызматкерлер жарандарга жеке коопсуздукту сактоону, эл көп топтолуучу жерлерге барбоону, мындан сырткары соода түйүндөрдө бет кап жана антисептик колдонуп кирүү боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.


Ошондой эле бул аралыкта милиция кызматкерлери жарандарга бекер бет каптарды таратып берип, жакындарынын жана өздөрүнүн коопсуздугун   эске алууну эскертип келишти.


Өз өмүрүн тобокелге салган милиция кызматкерлери 11-майда жумушка чыккан кызматкерлерге санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишти.


Нарын ОИИБнын жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдүрүнө атайын антисептиктер, тепловизорлор коюлуп, кирген-чыккан кызматкерлерди,   жарандарды текшерүүгө алууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн