Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нарында ИИМ мекемеси карантинге жабылган эмес, - министрлик

11.05.2020 10:20
740
Нарында ИИМ мекемеси карантинге жабылган эмес, - министрлик


Нарын облусунда ИИМ мекемеси жабылды деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 11-майда болгон брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, илдетти жуктургандар милиция кызматкерлери тууралуу тийиштүү маалыматтар берилген.


"Нарын облусунда Укук коргоо органдарынын кызматкерлери илдетти массалык түрдө жуктуруп алып, облустук ички иштер башкармалыгынын мекемеси карантинге жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жакта илдетти жуктуруп алган милиция кызматкерлери обсервацияга жаткырылып, ордуна борбордон башка кызматкерлер барган. Ал эми медицина кызматкерлеринин арасында инфекция катталган учурлар болгон, бирок алардын көбү азыр жумуштарына кайтышкан”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн