Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Нарында Лимонти каймана атындагы кримтөбөлдү мууздап кетишти (видео)

28.03.2020 15:35
3589
Нарында Лимонти каймана атындагы кримтөбөлдү мууздап кетишти (видео)


Нарында Лимонти каймана аты бар кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары күч түзүмдөрүндөгү булактарына шилтеме берип кабарлашты.


Анда айтылгандай бүгүн, 28-мартта болжол менен саат 13:00дөр чамасында Нарын шаарында уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси Лимонти каймана атка ээ Алмаз Сулаймановду мууздап кетишкен.


Кылмышка шектүү болуп 2000-жылдын башында Сулайманов тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн делген, уюшкан кылмыштуу тобунун мурдагы мүчөсүнүн уулу кармалганы кабарланууда.


Алдын ала маалымат боюнча, Лимонти Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Имашты өлтүрүп, килемге ороп өрттөп, Нарын дарыясына салып жиберген. Анын уулу чоңоюп, атасынын өчүн алуу максатында унаанын ичинен Лимонтини ачык эле мууздап, денесин милиция кызматкерлерине алып келген. Өзү кылмышты мойнуна алып, колго түшүп бергени айтылууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн