Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:28
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Саламаттыкты сактоо министрлиги Нарындагы координаторун алмаштырды

28.05.2020 17:11
1324
Саламаттыкты сактоо министрлиги Нарындагы координаторун алмаштырды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алияскаров кызматынан бошотулуп, анын ордуна убактылуу Айнура Акматова бекитилди.  Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн ыкчам штабдан кабарлашты. 


Маалыматка ылайык, облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, министрликтин Нарын облусундагы координатору Мурат Алияскаров жана облустук оорукананын директору Айбек Койчуманов саламаттыкты сактоо министринин чечими менен кызматтарынан бошотулган.


Координаторлук кызматты убактылуу Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова аркалайт. Ал эми облустук оорукананын директору болуп Улуттук Госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Бакыт Төлөгөнов дайындалган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн