Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон белек берилди

04.05.2023 17:52
642
Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон белек берилди

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Жеңиш майрамынын алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, облус башчысы президент Садыр Жапаровдун согуш ардагерлерине 100 миң сомдон майрамдык белектерин тапшырып, аларды улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.


Учурда Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери бар. Алар: Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну 98 жаштагы Сатынды Жапаров, Кара-Суу айылынын тургуну 98 жаштагы Тапа Керимкулов жана Нарын шаарынын тургуну 101 жаштагы Тукеш Токтомушевдер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн