Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Нарын шаарынын эли нааразылык акциясына чыгышты

12.08.2022 16:52
962
Нарын шаарынын эли нааразылык акциясына чыгышты

Нарын шаарында 12-августта облустук администрациянын алдында Эки-Нарын айылынын жүздөй тургуну Чырпыкты аймагындагы суудан алтын чайкоого каршы нааразылык акцияга чыкты. Митингге чыккандар менен президенттин облустагы өкүлү, аким жана айыл өкмөттүн башчысы жолукту жана бийлик өкүлдөрү бардык чечимдер мыйзамдын чегинде кабыл алынарын билдиришти.


Нааразылык акцияга чыккандардын бири Чынтемир Дүйшөналы уулу "Азаттык" радиосуна айыл эли Чырпыктынын суусун ичкенге, сугатка пайдаланарын, эгер анын жээгинен алтын чайкоо башталса суу маселеси чыгып, айдоо аянттары жабыркарын, жаратылышка дагы кесепетин тийгизерин билдирди.


Мындан улам жергиликтүү тургундар алтын чайкоого каршы турушарын айтты.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн