Нарын облусунда дагы 2 милиция кызматкери коронавирус
жуктуруп алды. Бул тууралуу 21-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо
министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында жаңы учурлардын баары бир жерден катталды.
“Нарын облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алган 8 адамдын алтоосу каттоо кызматынын кызматкерлери. Алар Нарын шаарында обсервацияга алынды. Ошондой эле дагы эки учур милиция кызматкерлеринин арасында катталды”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн