Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Нарында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар башталды

29.04.2024 11:46
808
Нарында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар башталды


Бүгүн, 29-апрелде Нарын облусунда экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар башталды. Ага милиция кызматкерлери, облустук имамдар жана айыл өкмөттүн кызматкерлери катышууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда КРнын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу маселелери талкууланат.

Семинарда ИИМдин кызматкерлери Самат Осмонов, Ратбек Турусбеков, теолог Муназбек Зарлыков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын облусу боюнча өкүлү Алмаз Максутов тренер катары чыгышып, милиция кызматкерлерине экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө азыркы мыйзамдардын абалын, салттуу Ислам баалулуктарын жана экстремисттик жана террордук уюмдардын идеологиясын, бул багыттагы мамлекеттик программалардын аткарылышын, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын, коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуунун жолдорун айтып беришти.

Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор бериле, ошондой эле, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер талатылат.

Бул иш-чараны Кыргызстандын бардык регионунда өткөрүү мерчемделүүдө.

Семинар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен өтүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн