Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 13:45
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Нарында элик аткан браконьерлер кармалды

Нарында элик аткан браконьерлер кармалды

Нарын районунда браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык коопсуздук министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалым болгондой, 2023-жылдын 14-январында КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин Ысык-Кѳл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жана "Илбирс" коомдук фондунун Нарындагы ѳкүлу менен Нарын районунун Кара-Бук участкасында, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын кѳзѳмѳлдѳѳ башкармалыгынын кѳмѳгү менен Нарын районунун тургуну Ж.у.А тиешелүү автоунаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда ача туяктуу (болжол менен элик) жапайы жаныбардын эттери табылган. Жеринен акт түзүлүп Нарын РИИБне ѳткѳрүлүп берилди.


Ошондой эле, рейдтик иш-чаралар башка аймактарда дагы улантылып, 2023-жылдын 15-январында Нарын районунун Кара-Кужур ѳрѳѳнүнѳн үч жаран эки сайсыз жана бир сайлуу ок атуучу уруксаат кагаздары жок курал-жарактар менен кармалып, материалдар куралдар менен кошо Нарын РИИБне ѳткѳрулуп берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн