Бугу 13, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Нарында эпидемиологиялык абал 3 күндө өзгөрбөсө жетекчилердин жоопкерчилиги каралат

17.05.2020 10:03
1431
Нарында эпидемиологиялык абал 3 күндө өзгөрбөсө жетекчилердин жоопкерчилиги каралат

 

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тарабынан Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берилди.

 

Учурда Нарын шаарында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору саналат. Шаардагы эпидемиологиялык абалды түзөтүүгө тийиштүү мөөнөт берилет, эгерде белгиленген мөөнөттө абал оң жагына өзгөртүлбөсө, шаардагы тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек”, - деп билдирди Кубатбек Боронов.

 

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, республика боюнча жалпы көрсөткүчтөрдү алып караганда, оору катталган жаңы учурлар көбөйүүдө. "Бул айрым аймактарда иштин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгынан кабар берет, жер-жерлерде СOVID-19 дартынын алдын алуу, оорулуу менен байланышта болгон жактарды көзөмөлдөө иштерин күчөтүү керек”, - деп билдирди ал.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн