Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Нарында эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калууда, - Министрлик

20.05.2020 08:27
1112
Нарында эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калууда, - Министрлик


Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.


Анын айтымында, облус боюнча тиешелүү дары-дармектер жана жасалма дем алдыруу аппараттары жетиштүү.


М.Каратаев маалымдагандай, бүгүнкү күндө облус боюнча коронавирус менен 194 учур катталды. Облус боюнча обсервацияда 126 адам турат, анын ичинен 42си медкызматкер. Катнашта болгондордун саны – 1400дү түздү, үй карантининен 545 адам чыгарылып, 664 адам медициналык кароодо турат. Беш мобилдик топ очоктордо иштеп жатат.


Нарын облусунун тургундарына кайрылып, максатсыз коомдук жайларга чыкпоону суранам. Ошондой эле оорунун алдын алуу чараларын сактоого чакырам”, - деди Каратаев. 


Ал кошумчалагандай, Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал турукташып калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн