Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Нарында катуу сабалган баланын ишин ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алды

23.06.2022 13:53
723
Нарында катуу сабалган баланын ишин ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алды


Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова Нарын облусунда карындашын коргойм деп катуу сабалган жигиттин ишин ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алуусу керектигин айтып, кайрылуу жолдогон.

ИИМдин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына катуу сабалган жигиттин окуясы ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө экендигин маалымдашты.

"Ички иштер министри Улан Ниязбеков жабырлануучу балага карата мыкаачылык менен жасалган кылмыштын чоо-жайын аныктоону, аны дыкаттык менен териштирүүнү тапшырып, иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алды.

Бул факты тыкыр иликтенип, шектүүлөр мыйзам чегинде татыктуу жазаларын алышат.

Бул факты Нарын РИИБинин тергөө кызматында Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 22-июнь күнү кошумча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", -
деп билдиришти басма сөз кызматынан.
https://www.super.kg/kabar/news/411063/

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн