Нарын облусунун өзгөчө абал кирген аймактарында коменданттык саат учурунда 8 жаран кармалып, алтоо мас абалында болгон. Бул тууралуу Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда кармалган жарандарга протоколдор толтурулуп айып пулдар салынган.
"15-апрелден тартып Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилди. Бир сутка ичинде коменданттык саат убагында кечки 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин Нарын шаары боюнча 8 жаран тартип бузду. Алардын ичинен 6 жаран мас абалында коомдук жайларда жүргөндүгү үчүн тиешелүү айып пул салынды", - деди Уланбек Аалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн