Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарында коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан эки жаран кармалды

19.03.2020 18:03
675
Нарында коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан эки жаран кармалды


Нарын шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Д.Э. жана Нарын районунун 1974-жылы туулган К.К. аттуу жараны жалган маалымат таратууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди. 


Кечээ, 18-март күнү WhatsApp мессенджери аркылуу "Жерге-Тал айылы" аталышындагы тайпага  15 секундалык видео тарап жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Анда " айылга тез жардам кызматы келди, коронавирус катталган окшойт", - деген маалымат айтылган.


Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери териштирүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада социалдык тармакка тараган видео боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн