Нарын облусунда 1 медицина кызматкери илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу 5-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында илдетти медайым жуктуруп алган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 217 учур катталды, алардын ичинен 150 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн