Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Нарында коронавирус массалык түрдө тарап кетиши мүмкүн, - Министрлик (видео)

27.05.2020 12:06
4106
Нарында коронавирус массалык түрдө тарап кетиши мүмкүн, - Министрлик (видео)


Нарын шаарында коронавирус жуктурган адамдар эмне үчүн көп катталып жаткандыгынын себебин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев түшүндүрдү.


Каратаев бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаевдин суроосуна жооп берип жатып маалымдагандай, Нарын шаарында бейтаптардын саны азайбай, тескерисинче көбөйүп жатышынын үч негизги себеби бар.


Биринчиден, бул жерде өз убагында жетиштүү деңгээлде координация болгон жок. Экинчиден, байланышта болгон адамдарды өз убагында камоого алышкан эмес. Үчүнчүдөн, медицина кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан жоопкерчиликсиз мамиле жасалып жатат. Кайдыгерлик жана кебелбестиктин айынан учурда Нарын облусу боюнча катталгандардын саны 300гө жакындап калды. Республикада интенсивдүү көрсөткүч боюнча Нарын шаары 1-орунда турат”, - деди Каратаев.


Ошондой эле ал Нарында эл арасында оорунун алдын алуу боюнча аныктоо процедуралары жүрбөсө, массалык тарап кетүү болушу мүмкүн экенин билдирди.


Жолдошбаевдин айтуусунда, Бишкек шаарына караганда алда канча аз эли бар, кичинекей Нарында илдетти оозуктоо кыйынга туруп жатканын жана ал жакта жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экенин билдирди.


Министрдин орун басары учурда облуска тиешелүү каражаттар жетиштүү деңгээлде жиберилгенин кошумчалады. “Мен өзүм Нарынга жана Ак-Талагаа барып келдим. Байланышта болгондордон анализ алып, жолго коюу иштери жүрүп жатат. Дары-дармек боюнча гуманитардык жардам бердик”, - деп билдирди Мадамин Каратаев.

 


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
МС
Нарында 5адам деп катталганда карантин киргизилип, базарларды жаап, эшикке чыгарбай, тартип катуу болуп жаткан. Ал эми азыр оорунун саны кобойду бирок ошого карабай баары журушот. Неге деген суроо туулат. Карантин киргизгиле,тартипти койгула, ыкчам иликтегиле. Анан карасан эле ооругандардын кобу ооруканада иштегендер,ИИМ де иштегендер . Калктын ичинен,жонокой адам