Бугу 22, 2025
Убакыт: 08:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Нарында коронавирустан бир адам каза болду

02.06.2020 10:12
1351
Нарында коронавирустан бир адам каза болду

 

Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-июндагы брифингде билдирди.


"Нарын облустук ооруканасында 1941-жылы төрөлгөн аял киши коронавирустан каза болду. Ал 13-майдан бери дарыланып келген. 29-майда жандандыруу бөлүмүнө да жатып чыкты. Абалы оорлошуп кетип, медициналык жардамга карабай өткөн түнү жүрөгү токтоп калган. Анда оорунун көп түрү аныкталып, дарыланып жаткан”, - деди Үсөнбаев.


 Муну менен каза болгондордун жалпы саны 17 кишини түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн