Нарын облусунун аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны
көбөйө баштагандан улам илдетти аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады.
Республикалык штабдан билдиргендей, аталган лаборатория облустук
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, 23-апрелден
бери иштей баштады.
Учурда ал жерде
4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан келди. Бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ
чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн