Нарын облусунда жаңы катталган 11 учурдун 8и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-майдагы онлайн брифингде билдирди.
“Нарында коронавирус илдетинин жаңы аныкталган 11 учурунун 8и укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Алар кесиптик милдетин аткарып жатып жуктуруп алган”, - деди Үсөнбаев.
Эске салсак, 19-майга карата коронавиурс илдетинин жаңы 27 учуру катталып, 71 бейтап оорудан сакайды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн