Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-август күнү саат 16:03тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Эпкин, Ак-Чий, Туз, Кен-Суу айылдарында 3,5 балл жана Жумгал районунун Жумгал, Кызарт айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн