Нарын шаарында курулуп жаткан жаңы оорукана 70 орундуу болот, анын 20 оруну реанимациялык блокко арналат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев 26-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери учурда кызуу жүрүп, курулушчулар күндүзгү-түнкү мөөнөттө иштеп жатышат.
"Оорукана сентябрдын аягына чейин толук ишке берилип, медициналык жабдуулар менен камсыздалып, элге кызмат кылып калат деген ишеничтебиз”, - деди Семетей Черикбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн