Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нарында мас абалдагы жаран жубайына болушкан атасын бычактап өлтүрүп койгон

08.06.2022 11:29
1114
Нарында мас абалдагы жаран жубайына болушкан атасын бычактап өлтүрүп койгон

Нарында уулу өз атасын бычак менен сайып өлтүргөн. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, милицияга кечээ, 7-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында Нарын облустук ооруканасынан Нарын районунун Алыш айылынын 1975-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну үйүнөн өз атасын бычак сайып, денесине жаракат келтиргендиги тууралуу билдирүү түшкөн.


Милиция кызматкерлери жерине барып, ошол эле күнү саат 13:30 чамасында К.Т. эшиктен мас абалында үйүнө кирип келип, жубайы менен уруша кетип, келинине болуша кеткен атасын жүрөк тушунун ылдый тарабына бычак сайып жибергендиги аныкталган.


Натыйжада шектүүнүн атасы - 1951-жылы туулган К.Э. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Бирок, шектүү окуя болгон жерден шектүү изин жашырып качып кеткен.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин Адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Нарын РИИБи тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн