Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Нарында медициналык мекемелердин башчыларын иштен алуу сунушталды

27.05.2020 14:44
1030
Нарында медициналык мекемелердин башчыларын иштен алуу сунушталды

 

Нарын облусунун жетекчилигине сөгүш жарыяланды, облустук медициналык мекемелердин башчыларын иштен алуу сунушу киргизилди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго сөгүш жарыяланган. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн Республикалык ыкчам штабдын сунушу менен тийиштүү чечимди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алган.


Ошондой эле Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык блокту тескеген орун басарынын кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушталган.


Мындан тышкары Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановдун, анын орун басары Анара Калманбетованын, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровдордун ээлеген кызмат ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушун берген.


Ал эми Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймакта коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн