Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 21:38
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Нарында мектеп директору коронавирустан каза болду

08.06.2020 13:53
1379
Нарында мектеп директору коронавирустан каза болду


Нарын шаарында мектеп директору коронавирустан каза болду. Бул маалыматты мэриядан тастыкташты. 


Маалым болгондой, маркум Айчүрөк Самакова  В.П.Чкалов атындагы №2 орто мектебин жетектеп келген. 


Буга чейин 8-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарын облусунда коронавирустан бир бейтап каза болгонун билдирген. 


"Нарын облустук ооруканасында 67 жаштагы аял каза болду. Бейтап үйүндө дарыланып, 3-4  жумадан кийин кеч кайрылып калган. Кан басымы жогору болгон, мындан сырткары аз кандуулук менен жабыркап келген. Көрсөткөн медициналык жардамдарга карабай, ал COVID-19 илдетинен каза тапты”, - деген Үсөнбаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн