Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Нарында мыйзамсыз иштетилген майнинг-ферма аныкталды

Нарында мыйзамсыз иштетилген майнинг-ферма аныкталды

21-июль 2021-жыл


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, жана ошондой эле республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.   Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жараны "Б.Т.Б." 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды. 

 

"Б.Т.Б." өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында, "майнинг-фермасынын" жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган.


Азыркы учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн