Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:56
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Нарында "Йакын инкар" тобунун мүчөсү уюмдан баш тартты

05.07.2021 12:58
660
Нарында "Йакын инкар" тобунун мүчөсү уюмдан баш тартты


 Нарындын тургуну "Йакын инкар" уюмунун мүчөсү бул уюмдан баш тартты, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, КРнын диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кочкор районунда диний иштер боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралар өткөрүлдү.


Нарын облусунун жашоочусу “Б.у.Ш.” аттуу жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталды.


2021-жылдын 30-июнунда Кочкор районунун хатибиятынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, Б.у.Ш. анын көз караштарынын жаңылыштыгын мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартканын белгилеп, райондун тургундарын экстремизм идеяларынын таасиринен сак болууга чакырды.


УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн