Нарын шаарында сел калдыктарынан 63 турак жай тазалынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарында 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 50 турак үйдүн ичине, 32 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн каптаган. Ошондой эле 4 турак үй авариялык абалга келген.
Жалпы 25 турак үйдүн ичи жана 38 турак үйдүн короолору тазаланган. Селден адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн