Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарында суюк кычкылтекти жеткире турган борбордук система ишке кирди

04.08.2020 14:29
1059
Нарында суюк кычкылтекти жеткире турган борбордук система ишке кирди


Нарын облустук бириктирилген ооруканасында суюк кычкылтекти стационарларга жеткире турган борбордук система курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Мындай система кычкылтек концентраторлорун жана кычкылтек баллондорун алмаштыра турган жогорку сапаттагы медициналык тейлөөгө шарт түзөт. Суюк кычкылтек менен оорукананын ангионеврология, провизор, терапия, жугуштуу оорулар, кардиология бөлүмдөрүндөгү бейтаптар камсыздалат.


Кыргызстанда жакын арада гана пайда болгон кычкылтек станциясын куруу үчүн мамлекет тарабынан 5 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган. Бул ишти “Бишкек Тех Газ” ачык акционердик коому ишке ашырды.

“Борборлоштурулган суюк кычкылтек станциясынын коюлушу бейтаптарды дарылоодо абдан чоң жеңилдик бере баштады. Себеби бул станция аркылуу ар бир бейтап 99 пайыз суюк кычкылтек менен камсыз болот. Мындагы кычкылтектин запасы колдонууга жараша 1-2 айга жетээри болжолдонууда”, - деп белгиледи Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн