Кеңеш айылында 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Курулуш иштерине 57 миллион сом бөлүнгөн.
Мектепте 172 окуучу билим алып, 22 мугалим эмгектенет.
Кеңеш айылынын окуучулары 2019-20-жылкы окуу жылын контейнер мектепте окуп баштаган. Бул көрүнүш коомчулуктун кескин сынына кабылып, окуучулар бир айдан кийин жергиликтүү клубдун имаратына көчүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн