Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 18:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Нарында уурдалган уйдун эти Бишкекте сатылган

09.02.2022 17:46
669
Нарында уурдалган уйдун эти Бишкекте сатылган

Нарында мал уурдоого шектелип 32 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен маалымдашты.


Маалыматка караганда, ал уурдалган малды союп, этин базардан сатып жиберген. Нарын районунун тургуну 1977-жылы туулган Н.К. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда ал 2021-жылдын 24-декабрынан 25-декабрына караган түнү белгисиз себептер менен 1 баш малы (уй) короодон чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын айтып, табышууга көмөк көрсөтүүнү суранган.


Аталган билдирүү Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынган. Кылмышка шектелип Нарын районунун 1988-жылы туулган тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Сурак учурунда шектүү уурдалган малды союп, этин Бишкектеги базарлардын биринде сатып жибергенин билдирген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн