Нарын облусунда алты адам октон жаракат алды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 7-июль күнү саат 22.48 чамасында нөөмөт бөлүмүнө ок атышуу тууралуу билдирүү түшкөн.
«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери Хутор-Ак-Талаа айылынын 30-40ка жакын тургуну К.Б.нын үйүнө келгенин аныкташкан. Алар терезелерин таш менен талкалап, Subaru Outback унаасын өрттөп салышкан. Ошол маалда үй ээси көчөгө чыгып, чогулгандарга карай ок чыгара баштаган. Натыйжада алты адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын үчөөнүн абалы оор, калгандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү», - деп билдиришти ШИИБден.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн