Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Нарында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

06.01.2023 19:32
615
Нарында жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кочкордо жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.


Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 5-январында болжол менен саат 22:15 чамасында Кочкор районунун Кочкор-Арал авто жолунун 22-чакырымында белгисиз автоунаа белгисиз жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.


Жол кырсыгынан болжол менен 35-40 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран окуя болгон жерден көз жумган.


Бул факты боюнча ЖКККББнын издөө бөлүмү жана Нарын ОИИБ боюнча ЖККБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Schmitz PR 24 (Howo)” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган Б.у.А. аттуу айдоочусун кармалып, Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.


КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочуларга кайрылып, жол унаа кырсыгына себепкер болуп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга карата Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик каралгандыгын эскертип, андай учурда тезинен “102” кызматына кабарлоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн