Нарында асфальт заводуна 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери текшерилүүдө.
Анын алкагында Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы асфальт заводу жана таш майдалоочу ишканасынын курулушу текшерилди. Аталган аймакта "Ченюань" ЖЧКсы тарабынан курулушка уруксат берүүчү кагаздары жок жана реестрде катталбастан өз билемдик менен курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.
Натыйжада курулуш компанияга карата акт түзүлүп, бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле протоколдун негизинде 200 миң өлчөмүндөгү айып пул салынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн