Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нарындагы этти кайра иштетүүчү ишкана продукцияны Россияга экспорттоону пландоодо

22.07.2022 14:31
790
Нарындагы этти кайра иштетүүчү ишкана продукцияны Россияга экспорттоону пландоодо


Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Ат-Башы районуна болгон иш сапарынын алкагында «Жанар жана Бек» эт комбинатынын курулушу менен таанышты.


Учурда ишкананын курулуш иштери 65 пайызга аткарылган. Жылдын аягына чейин эт азыктары кайра иштетиле турган ишкананы куруп бүтүп, ишке киргизүү пландалууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 72 миллион сомду түзөт.


Ишкананын жетекчиси продукцияларды Кытайга жана Орусияга экспорттоо үчүн алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлгө малды бордоп семиртүүчү кооперативдер каржылык жардамга муктаж экенин айтты.


Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл негизги басым өндүрүштүк долбоорлорго жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталгандыктан, өндүрүш ишканаларына мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн