Социалдык тармактарда Нарын облустук бириктирилген оорукананын балдар бөлүмү толуп калды деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, облустук бириктирилген оорукананын балдар бөлүмү кадимки тартип иштеп жатат.
Нарын облустук оорукананын директору Чыңгыз Нарынбековдун айтымында, балдар бөлүмүндө 12 орун бар.
"Учурда балдар бөлүмүндө коронавирустук эмес пневмония менен 2 бала жана сасык тумоо менен 5 бала жатат. Калган 5 орун бош", - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн