Теке 27, 2024
Убакыт: 12:37
USD
EUR
RUB

Нарындагы соода борбордо эркек киши кызды бетке муштап жиберген. Окуянын чоо-жайы

15.11.2023 13:48
545
Нарындагы соода борбордо эркек киши кызды бетке муштап жиберген. Окуянын чоо-жайы


Нарындагы соода борбордо эркек киши кызды бетке муштап жиберген. Окуянын видеосу соцтармакка тарады.


Нарын ОИИБдин маалымат кызматы окуя боюнча шаардык милицияга 20 жаштагы кыз кайрылып, белгисиз киши кол көтөргөнүн айткан. Бул иш милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.


"Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 14-ноябрда шаардагы "Чолук-Ата" соода борборунда болгону такталды. Анда 20 жаштагы К.А.Н. банкоматтан акча алайын деп кезекте турганда болжол менен 30 жаштагы эркек киши кезек талашып аны жаакка чапкан. Кыздын айтымында, качканына карабай башка чаап, артынан кубалаган. Азыркы тапта арыз ээси облустук ооруканада дарыланууда", — деп айтылат кабарда.


Милиция кылмышка шектелип Нарын районунун Орто-Нура айылынын 31 жаштагы тургуну кармалганын маалымдады. Шектүү сурак учурунда кыз менен урушуп кеткендиктен кол көтөргөнүн айткан.


Күнөөкөргө Медициналык экспертиза борбору 2012-жылы "Эпилепсиядан пайда болгон деменциянын жеңил түрү" деген диагноз койгону айтылды.


Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Милиция тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн