Нарын облусундагы төрөт үйүндө жаралган эпидемиологиялык жагдайды атайын комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу 15-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Соңку учурда Нарында жагымсыз эпидемиялогиялык жагдай жаралды. Бүгүнкү күндө төрөт үйүндө мындай жагдайдын жаралышын аныктоо үчүн атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ал жакта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова абалды иликтеп жатышат. Мен бүгүнкү күндө ал жакта илдетти жуктургандарын баары аныкталды деп ойлойм. Илдеттин жайылуусун токтоту максатында, балким төрөт үйүнда убактылуу жылдырып, кошумча санитардк иштер аткарылат”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн