3-февраль күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын Ак-Кокту тилкесинде Ауди С4 жана Тойота Ипсум унааларынын кагылышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынан улам 39 жаштагы милициянын ага лейтенанты Марс Асанбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Асанбеков Марс 1982-жылы 3-октябрь күнү Нарын шаарында төрөлгөн. 2009-жылы ИИМдин Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборун аяктаган. 2009-2018-жылдары ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгында кызмат өтөгөн.
"2018-2020-жылдары Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык милиция, 2020-жылдын 3-июль күнүнөн азыркыга чейин Ат-Башы РИИБинин кызматкери болуп иштеп келген. Ички иштер органдарында ар бир ишке жоопкерчиликтүү, так жана өзүнүн кесипкөйлүүлүгү менен кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болгонго жетишкен. Үй-бүлөлүү. Артында жубайы, 5 жаштагы кызы калды.
Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Марс Аскербековичтин жаркын элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат", - деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн