Бүгүн, 3-июнда Нарын шаарында кыян жүрдү. Буга түштөн кийин нөшөрлөгөн жаандын мөндүргө айланганы себеп болгон. Тоодон түшкөн жамгырдын суулары сел ага турган каналдан ашып баштаган. Учурда Нарын шаарынын Батыш чөлкөмүндө, Алма-Бак, Ак-Коргон аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери иш алып бурууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн